14:14, 22 октября 2018, 24.kg

Талас облусунда эки унаа сүзүшүп, кесепетинен бир айдоочу набыт болду

Талас облусунда эки унаа сүзүшүп, кесепетинен бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кызыл-Туу айылынын 28 жаштагы тургуну өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасы менен Мерседес Гелендваген унаасын сүзүп алган. Кырсык болгон жерден эки унаанын тең айдоочулары ооруканага жеткирилип, ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу алган жаракаттарынан улам каза болду.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Талас районунун Кара-Суу айылында болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18