Александр Кимге козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди
«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимге козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди. Жогорку соттун коллегиясы Александр Кимге карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун буга чейинки чечимдерин жокко чыгаруу, Александр Кимди актоо тууралуу адвокаттардын даттануусун, ошондой эле «Рубикон» жарнамалык фирмасынын башкы директору Александр Рябушкиндин Александр Кимге карата чечимди өзгөртүү жөнүндө арызын карады.
Быйыл 20-февралда Свердлов райондук соту «кызматынан кыянат пайдаланган» деген айыптын негизинде Александр Кимди алты жылга шарттуу кесип, «Вечерний Бишкектин» азыркы кожоюну Александр Рюбушкинге 27 миллион доо төлөөгө милдеттендирген. Чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.
Ким бул иштин саясий өңүтү бар экенин билдирип, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу аны кайра карап чыгууну суранган.
Быйыл сентябрда Башкы прокуратура «Вечерний Бишкек» гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылганын, ага Александр Кимдин Рябушкиндин үстүнөн жазган арызы негиз болгонун кабарлаган.