12:19, 22 октября 2018, 24.kg

Дастан Лепшаков Орусияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Орусияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК билдирди.

Маалыматка караганда, Дастан Лепшаков баардык атаандаштарын жеңип, жарым финалда Нодирбек Мирзаевди (Өзбекстан) жана финалда Иосиф Абрамовду (Россия) утуп алды.

Турнир Ростов-на-Дону шаарында 16-21-октябрь күндөрү болгон.

Аталган иш-чарада Кыргызстандан барган Арсен Каленбаев бешинчи орунду жана Азиз Мадаминов тогузунчу орунду ээлешти. Жалпысынан турнирге тогуз өлкөдөн 240 спортчу катышты. Алардын ичинен 12 спортчу Кыргызстандын атынан ат салышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18