11:02, 22 октября 2018, 24.kg

Эксперттердин туура эмес чыгарган корутундусунан улам түрмөдө отургандар бар

Кыргызстанда соттолгондордун 30 пайызы эксперттердин туура эмес чыгарган корутундусунан улам түрмөдө отурат. Бул тууралуу тегерек столдо депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Айтымында, соттук-медициналык экспертизага карата көп эскертүүлөр бар, айрыкча экспертиза жүргүзүү сапатына байланыштуу.

«Мисалы, өлүкканада керектүү реактивдер жок. ДНК анализдери Казакстанда жасалат. Түрмөдө экспертизанын жыйынтыгын күткөн көп жарандар отурушат. Аялдар колониясында алдамчылык боюнча айыпталып Адина Турдубаева отурат, ал 17 жашында соттолгон. Адина Турдубаева онкологиялык оору менен жабыркап келет, экспертизанын бирөөсүндө анда 4-даражадагы шишик бар деп чыгарган. Башка эксперттер 2-даражадагы рак деп таап, мындай оору менен түрмөдө отурса болот дешүүдө. Бизде эксперттер мыйзамсыз чечим чыгарып, кесепетинен кишилердин тагдырына таасирин тийгизген учурлар көп», -деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18