10:01, 22 октября 2018, 24.kg

Нодирбек Каримов кабылган жол кырсыгында жабыркаган өспүрүм ооруканадан чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов кабылган жол кырсыгында жабыркаган өспүрүм ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, депутат башкарып бара жаткан унаада анын жубайы, ата-энеси жана 2 баласы болгон. Балдар текшерилген соң ооруканадан чыгарылды.

Буга чейин кабарлангандай депутаттын энеси окуя болгон жерде жан берген. Нодирбек Каримов жана жубайы олуттуу жаракат алышып, ооруканада жатышат.

Маалыматка караганда, унааны депутат башкарып келе жаткан. Ал рулга ээ боло албай калып, кырсыкка учураган. Унаа Жайыл районунан Бишкекти көздөй келе жаткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18