08:44, 22 октября 2018, 24.kg

Ашхабад дүкөндөрүндө эскирген азык-түлүктөр сатылууда

Ашхабаддын азык-түлүк дүкөндөрүндө жарамдуулук мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарлар сатылууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы көгөрүп кеткен, бузулган азык-түлүктөр жеке гана эмес мамлекеттик соода борборлорунда да кездешип жатканын кабарлоодо.

Кардарлардын бири редакцияга курттап кеткен момпосуйлардын сүрөтүн жөнөткөн.

Буга чейин түркмөн борборунда эскирген сүт азыктары, колбаса, акшак жана ун сатылып жатканы кабарланган. Айрым товарларда жарамдуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

«Мыйзам бузгандарга бейрасмий түрдө айыппул салышат, бирок бузулган товарлар сатыктан алынбайт. Сентябрда жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүттөн курт чыккан, бирок ал сатыкка коюлган», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18