17:13, 19 октября 2018, 24.kg

IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы. «Түнкү кырсык» тасмасы тартууланат

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Лос-Анжелесте IV Дүйнөлүк Азия кинофестивалы башталат. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинофестивалда жалпысынан Азия чөлкөмүнөн 50 мамлекеттин режиссерлорунун эмгектерине таандык тасмалар көрсөтүлөт. Алардын арасында кыргызстандык режиссер Темир Бирназаров тарткан «Түнкү кырсык» тасмасы жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмалар тартууланат.

Эске салсак, аталган кинофестиваль 2015-жылы кинорежиссёр, продюсер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18