12:00, 21 октября 2018, 24.kg

Замира Сатыбалдиева: Мага кайдан жүрүп артист болуп калды деп таң калышат

Жакында эле кыргыз тасмаларынын катарын «Акшоола» сериалы толуктады. Анда ишкердин жубайынын ролун ойногонун Маданияттын мыкты кызматкери, актриса Замира Сатыбалдиева химия мугалиминен тарта актрисалыкка чейинки чыйыр жолун 24.kg агенттигине айтып берди.

— Сизди актриса, алып баруучу катары тааныйбыз, баш аягы канча тасмада роль жараттыңыз?

— Жалпы саны жыйырмадан ашуун болчу, азыр санабай деле калдым. 3 сериалга жана жаштардын «Жарайт Сити» долбооруна катыштым. Мындан тышкары, «Келин» долбоорунун алып баруучусу болдум. Кайын эненин ролун аткардым.

Photo 91483

Мен комедия жанрын жактырам, ошол себептен да чакыруу көп болот. Бирок, кээде тандаганга туура келет. Себеби бир убакта эки башка чакыруу түшүп, же тартуу иштери алыс жактарда болуп калат. Мисалы, Кыргызстандын булуң-бурчуна баргандан баш тартам, анткени 2 неберемден колум бошобойт. Мындан улам, шаардын ичинде боло турган тартуу иштерине катышам. Акыркы учурда интернетте көрсөтүлүп жаткан көп роликтерге тартылдым.

— Өзүңүзгө жаккан ролуңуз кайсы?

— Баардык эле ролум жагат, анткени ар бири өзгөчөлөнүп турат. Айрыкча «Жыйырмадагы чал кемпир» тасмасындагы кемпир менен кыздын орун алмашкан ролу жагат. Себеби, бир тасмада 2 каарманды жаратыш керек болду.

Photo 91484

— Тойлордо тамада болуп бер деген сунуштар түшөбү?

— Сунуштар түшөт, туугандар арасында тамада болуп берем. Бирок, азыркы заманбап тамадалардай иштей албайм. Алардын сөз байлыктары кенен, тилдери укмуш, ачыгын айтайын андай сүйлөй албайм. Орусча алып барган жеңилирек, бул да болсо орус класста окугандыгым үчүн болсо керек.

— Актерлук билимиңиз барбы?

— 1984-жылы жогорку окуу жайын аяктап, химия мугалими адистигин алып чыккам. Мугалимдигим азыр да кармап калат. Бул мүнөзүм менен көп кишиге жаман көрүнүп калам, бирок аркасынан сүйлөбөйм. Түкүргөндөрдү, семичке чаккандарды, таштандыны туш келди таштагандарды жаман көрөм. Кокус көрүп калсам уят деп дароо лекция окуй баштайм.

Бир кезде медициналык академияда курс катары психологияны окудум. Андан соң Жапон борборунда 3 жыл бою тил үйрөнүп, гид болуп эмгектенгем. Мен төрөлүп өскөн Миң-Кушта заводдо иштегендер арасында ар кандай жарыштар уюштурулуп турчу. Өздүк көркөм чыгармачылык ийримдер иштеп, мен дагы алгачкы жолу 10 жашымда ата-энемдин ордуна ырдап чыкканмын. Кийин баш калаадагы Жал кичи районунда жайгашкан Аскер окуу жайында орустардын классикалык чыгармаларынан спектакль коюп иштедик. Анда жараткан ролдорум азыркы карьерамдын түптөлүшүнө жардам берди. 2000-жылы курбум экөөбүз «Сорос» фондуна долбоор жазып, ири грант утуп алганбыз. Ал грантка цирктен артисттерди алып, Таласка бекер цирк алып барганбыз. 2003-жылы Акыйкатчы аппаратында маданият тармагын тейлеп иштеп калдым. Ошондо фонограммага каршы чыккандардын катарында болгонмун. Коомчулукка таанылып, «Большие люди» долбооруна чакыруу алганмын. Карьерам ошондон башталды.

— Кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет экенсиз? Биз билбеген дагы кандай талантыңыз бар?

— 3-класста эле түймө түйчүмүн. 5-класста окуп жүргөндө чоң туш кийиз сайдым. Негизи мен бош отура албайм, тартуу иштери болбосо сөзсүз бир нерсе жасайм. Мындан тышкары индиялыктар менен биргеликте жасаган менин автордук 14 анимациялык мультфильмим бар. Бул багытта кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн сыйлык алгам.

Photo 91482

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, канча балаңыз бар?

— Жолдошум сүрөтчү. 1 уул, бир кызым бар. Уулум бойдок, кызым турмушка чыгып 2 неберелүү кылды. Үй жумуштарына тыңмын.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18