Тажикстан түштүгүндө эки киши минага жарылып мерт болду
Тажикстандын түштүгүндөгү Шамсиддин Шохин районунда эки киши минага жарылып мерт болду. Трагедия 18-октябрда болгон.
Тажикстан ИИМи билдиргендей, 22 жаштагы Орзу Содиков жана 29 жаштагы Зухуршо Рахматов аң уулап жүрүшүп, жөө жүрүүчүлөргө каршы коюлган «Лепесток» минасын басып алышкан. Жардыруучу заттын бул түрү 80-жылдары совет өндүрүшүнөн чыккан жана биринчи жолу Ооганстанда колдонулган.
Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.