09:45, 19 октября 2018, 24.kg

Сот Икрамжан Илмияновду камакка алуу чечимин чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Илмияновго сырттан айып тагып, сотко кайрылган. Сот мекеменин өтүнүчүн канааттандырды.

УКМК мурдакы президенттин кеңешчисин жемкорлук беренеси боюнча айыптоодо. Икрамжан Илмиянов ишкерден 150 миң доллар пара алгандыгы айтылат.

Буга чейин Икрамжан Илмияновдун өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча маалыматтар такталган эмес. Эми ага издөө жарыяланышы күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18