18:00, 18 октября 2018, 24.kg

Кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар коло медаль утушту

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Александр Ли чеберлер арасындагы мелдеште сол кол менен күрөшүп, 90 килограммга чейинки салмак ченинде 3-орунду ээледи. Ал эми Нурбек Алиев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында беттешип, 70 килограммга чейинки салмак ченинде 3-орунду камсыздады.

Кыргызстандык спортчулардын капчыгында мелдалдардын саны 6га жетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18