16:37, 18 октября 2018, 24.kg

Казакстанда полиция кызматкери бычакталды

Шымкент шаарында колго түшүрүү маалынды каршылык көрсөткөн шектүүнүн бычагынан жаракат алган полиция кызматкери ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ШИИДдан кабарлашты.

«Колго түшүрүү маалында шектүү каршылык көрсөтүп, артынан кубалаган полиция кызматкерин бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кийин ал куралсыздандырылып, кармалган. Жараат алган полициячы шаардык ооруканага жеткирилип, операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага карата «Укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18