13:44, 18 октября 2018, 24.kg

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну пландоодо

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Улуттук драма театрда «Маң» спектаклин коюшту. Эки күндүк маданий сапар 16-октябрда башталган.

Театр жетекчисинин орун басары Аида Кетирбаеванын айтымында, артисттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында коңшу өлкөдөн атайын чакыруу алган.

«Биздин чыгармачыл топтун Ташкентке барып келишине президенттин фондунан атайын 120 миң сом бөлүндү. Чакыруу менен баратышат. Артисттерден тышкары үн режиссер сыяктуу чыгармачыл топту кошкондо 25 киши баратат», — деди ал.

Театрдын актеру Канат Мамыркановдун айтымында, чыгармачыл топ Ташкенттен кийин Орусиянын бир нече шаарына барып келүүнү пландоодо. «Татарстанга барабыз, андан сырткары Кабардиниянын Альчик деген шаарына, андан соң Москвага коёбуз. Кийинчерээк Лондонго да барууга аракет кылып атабыз. Анткени биздин бул спектаклибиз аябай жакшы чыкты», — деди ал.

«Нарын театрын мен өзгөчө белгилейт элем. Акыркы жыйырма жылдан ашык убакыттын ичинде бул театрдын акыбалы өтө оор болчу. Ал баарыбызга эле маалым. Бирок бир жылдын ичинде баркы көтөрүлүп, жаңы сапаттык бийиктикке чыгып жатканы кубандырат, — деп билдирди Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов.

Эл аралык фестивалда мыкты деп табылган «Маң» спектаклин анын автору Султан Раев жана коюучу-режиссер Жалил Мидинов сахналаштырган. «Маң» спектакли — Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде жаралган татаал, философиялык чыгарма. Ал Астана шаарында өткөн VI Эл аралык SAMGAU театр фестивалында мыкты спектакль деп табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18