12:18, 18 октября 2018, 24.kg

Ош-Бишкек жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү

Ош-Бишкек жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолдогу жылкы үйүрүн сүзүп кеткен.

«Жол эрежелери тууралуу мыйзамга ылайык, күндүзгү убакта атайын жол белгиси коюлган жерлерден гана мал жандыктарды айдап өтүүгө болот. Аталган эрежелер сакталбаган учурда кырсык болсо, күнөө толугу менен мал ээсине коюлуп, ал келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө тийиш», — деп жазылат маалыматта.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18