11:13, 18 октября 2018, 24.kg

Жемкорлук боюнча билдирген пресс-катчы Анара Мамбеталиева жумуш ордуна кайтат

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кайра жумуш ордуна келет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында сүйүнчүлөгөн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчилиги басма сөз катчысын кызматтан алуу тууралуу 15-августта чыккан буйрукту жокко чыгарды. Эми 19-октябрдан тарта Анара Мамбеталиева мурунку иш ордуна барат.

Эске сала кетсек, Жетекчилиги тарабынан куугунтукталып жаткан Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева социалдык баракчасы аркылуу элге аны менен катар президентке кайрылуу жасаган. Ал мекемедеги жемкорлук көрүнүштөрүн ачык айтып чыккан. Коопсуздук кеңеши иликтөө жүргүзүп, пресс катчынын маалыматтарын ырастаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18