Бишкек мэриясынын мурунку аткаминери сотто өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртты
Кечээ Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Сталбек Өмүркановдун сотто баш коргоо чарасы каралган. Соттук отурумда ал өзүн жаман сезген деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.
Маалыматка караганда, соттолуучунун жайтоочулары тез жардам чакырышкан. Текшерүү маалында Сталбек Өмүркановдун кан басымы 240ка жеткени аныкталды. Дарыгерлер аны тез арада ооруканага жаткырылышын сунушташты. Болбосо инсульт алышы мүмкүн дешүүдө.