09:32, 18 октября 2018, 24.kg

Аскердик милдетин өтөп жүрүп качып кеткен жоокер 3 жылга соттолду

Ош шаардык соту 1996-жылы түштүк борбордун аскер бөлүгүндө милдетин өтөп жатып качып кеткен жоокер Бахтияр Акбаровду шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
 
Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасы күнөөкөрдү 22 жыл өткөндөн кийин гана кармады. Соттун жүрүшүндө колго түшкөн жаран күнөөсүн мойнуна алып, жазаны жеңилдетүүнү суранды. Айтымында, ал аскер бөлүгүнөн ачка болгондуктан касып кеткен.
 

«Аскерге мени Канттын аскердик комитети чакырган. Бир жылдан кийин качып кеттим, себеби курсагым тойбой койду. Кайра келсем, мени киргизбей коюшкан», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18