09:10, 18 октября 2018, 24.kg

Айтматовдун 90 жылдыгы. Ош шаары 2-3-ноябрда жазуучунун мааракесин белгилейт

Ош шаарында 2-3-ноябрь күндөрү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Аны каала мэриясы кабарлады.

Шаардын борбордук аянтында «90 жылдыкка 90 көркөм өнөр» аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат. Борбордук аянтка боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл-чарба жарманкеси өтөт.

Ал эми, ОУДТда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болот.

Ошондой эле, ОУДТда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан документалдуу фильм көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Ош облустук ат майданында «Жаныбарым Гүлсары! аттуу улуттук «Көк бөрү», «Ат чабыш», «Кыз куумай» , » Жорго салыш" оюндары боюнча мелдештер өтөт.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Түркия, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде дагы өткөрүлүүдө. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18