Москвада кыргызстандык мекендештерин карактоого шектелген эки киши кармалды
Москвада Кыргызстандан барган эки жаран таксист болуп иштеген мекендештерин карактоо, опузалоо, акча талап кылуу шеги менен кармалды. ИИМ маалыматы боюнча алар өздөрүн К.К. аттуу мыйзамдагы уурунун кишилерибиз деп тааныштырышып, мекендештерин таксопарктын аймагында тоноп жүрүшкөн.
Ошол эле маалда алар каражат кылмыш ишин жабуу үчүн керек болгонун билдиришкен.
9-октябрда мекендешинен 10 миң рубль акча алып жаткан жеринен 26 жаштагы Мадияр Касымбеков, 25 жаштагы Абдилманап уулу Аскар кармалган.