Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду
14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы Якиманка районунда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги пайда болду. Бул тууралуу аталган райондук кеңештин депутаты Андрей Морев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Москвага Каримовдун эстелигин тургузууга каршы болуп келген депутат Моревдин айтымында, эстеликти орнотуу иштери шаардыктардан жашыруун түрдө автобус жана полиция унааларынын курчоосунда түн ичинде жүргүзүлгөн. «Алар коркуп түн ичинде иштешти. Эгер коркпогондо жумуштар күндүз деле аткарылмак да», — деп жазды ал.
Change.org сайтында «Москвада Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга каршы» деген тема менен кол топтоо өнөктүгү башталган. Аны ЛДПР партиясы демилгелеген.
Петициянын текстинде «Ислам Каримов президент болуп тургунда Өзбекстанда орус тилдүү жашоочуларга карата агрессиялык актылар жасалып, кириллицанын ордуна латын ариби киргизилип, өлкөдөгү Улуу Ата Мекендик согушка арналган бардык мемориалдарды буздурганы» жазылган.
Бирок Москва бийлиги президенттик шайлоо күнү Ислам Каримовго эстелик тургузуу маселеси боюнча референдум өткөрүүгө уруксат берген эмес. Өзбекстандын биринчи президентинин эстелигин орнотуу тууралуу буйрукка Москванын мэри Сергей Собянин 2016-жылы 1-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, айкел 2019-жылдын 31-декабрына чейин Якиманка районунда тургузулушу керек болчу.