09:47, 17 октября 2018, 24.kg

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Өкмөт башчынын кызматтан кетиши өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо процедурасын баштоого жол ачты.

Кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү — жазында Арменияда башталган нааразылык акциялары маалында Пашинян берген негизги убадалардын бири болгон. Парламентте эң көп добушка дале болсо мурдагы премьер Серж Саргсяндын Республикалык партиясы ээ.

Мыйзамга ылайык, эгер жакынкы эки аптанын ичинде парламентарийлер эки жолу премьер-министрди шайлай албаса, анда Улуттук жыйын таркап, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланат. Бул план боюнча өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо декабрда өтөт. Сентябрдын аягында премьер-министр Никол Пашиняндын «Менин кадамым» блогу Ереван шаардык кеңешин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетип, андагы 65 орундун 57сине ээ болгон.

Никол Пашинян Армения өкмөтүн быйыл 8-майдан тарта жетектеп келген. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18