09:09, 17 октября 2018, 24.kg

Бишкекте өлтүрүлгөн студент кызды тууганы зордуктоого аракет кылган

Бишкекте өлтүрүлгөн 17 жаштагы кызды тууганы зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу күч органдарынан маалымдашты.

15-октябрь күнү Жеңиш жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде кыздын сөөгү төшөгүнөн табылган. Кыздын туугандары «Тез жардам» чакырышкан, алар менен бирге милиция кызматкерлери да келип, кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн жана денесинде көк ала тактар бар экенин аныкташкан.

Иликтөө иштеринин алкагында кыздын туугандары суракка алынган. Кийин кылмышка шектүү катары анын 19 жаштагы эки аталаш тууганы кармалган. Алардын бири кызды зордуктоого аракет кылганын, кыз каршылык көрсөткөндө аны муунтуп өлтүрүп салганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18