15:21, 16 октября 2018, 24.kg

Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт кырсыгы катталды

Ош шаарында Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-октябрда саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсү № 198 дарегиндеги Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18