11:53, 16 октября 2018, 24.kg

Абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо жылуулук бериле баштайт

5 күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо баш калаада жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, октябрда өлкө аймагында абанын температурасы орточо 5 градустан 14 градуска чейин жетет. Айдын ичинде температура 1 градус суукка чейин түшүшү мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААК техникалык жактан жылуулук сезонуна даяр экендигин айтты. Ошондой эле, аба ырайынын шарттары чукул өзгөргөн учурда үч күндүн ичинде энергосистема жылуулук бере баштай тургандыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18