09:36, 16 октября 2018, 24.kg

Индиянын жарандарын тоногондор кармалды

Ош ШИИБнын кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерди тоноого шектүү тартип сакчыларын кармашты. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар Индиянын жарандары болуп чыкты.

«Ушул жылдын 1-октябрында Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан ресторандын алдында Индия Республикасынын 2000-жылы туулган жараны бара жаткан. Анын жолун азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы бейтааныш адамдар тосуп, ѳздѳрүн «милиция кызматкерлери» деп тааныштырган. Алар Индиянын жаранын «ВАЗ 2107» үлгүсүндѳгү автоунаасына отургузуп, Ош шаарынын У.Салиева кѳчѳсүнѳ алып барып, жанынан накталай 3 миң сом акчасын тартып алышкан.Өздөрү окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен», -деп билдиришти ШИИБдан.

Аталган окуяга шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери кармалышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18