08:42, 16 октября 2018, 24.kg

Ташкентте турмушка чыгуудан баш тарткан аял сабалды

Ташкентте № 2 ооруканада иштеген медайым Камола Абдуллаева күйөөгө тийүүдөн баш тартканы үчүн ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Урлаева билдирди.

Жабырлануучу өмүрүндө экинчи жолу көргөн Мурат аттуу кишиге турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн өкүмзордукка кабылганын билдирди. Камоланын апасы Карима Курбанова кызын күйөөгө тийүүгө мажбурлап, 11-сентябрда нике кыйдыруу үчүн үйүнө молдо чакырган. Бирок кыз турмушка чыгууга көнгөн эмес. Ыңгайы келгенде кыз үйдөн качып чыккан.

Камоланын айтымында, апасы анын паспортун жана башка документтерин алып, «болочоктогу күйөөсү» Муратка берип койгон. Карима Курбанова кургак учук диспансеринде дарыгер болуп иштейт. Укук коргоочу Елена Урлаева милицияга жана «Тез жардамга» чалган. Дарыгерлер Камолага «Баш мээси чайкалган, желкеси көгөргөн, гипертония белгилери бар» деген диагноз коюшкан.

Укук коргоочу Камола Абдуллаеванын сабалышы боюнча милицияга арыз жазды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18