13:36, 15 октября 2018, 24.kg

Түркмөнстан Саламаттык сактоо министрлиги дары катары чай ичүүнү сунуштоодо

Түркмөнстан Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлиги жарандарга президент Гурбынгулы Бердымухамедовдун «Түркмөнстандын дары чөптөрү» китебиндеги чайларды колдонууну сунуштады.

Алардын биринде окурмандарга президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китебиндеги ит мурун, жалбыз, ромашка, кызыл мыянын тамыры жана башка чөптөрдөн жасалган чайларды колдонуу сунушталат.

Түркмөн лидери президенттик милдетинен тышкары акыркы он жылда 40тан ашуун китеп чыгарган, өлкөдөгү дары чөптөргө арналган 10 томдугу жарык көргөн. «Чай — дары жана эргүү» деген өзүнчө китеби бар.

Мамлекеттик медиа президенттин чыгармачылыгын ырааттуу түрдө мактап турат.Түркмөнстан Саламаттыкты сактоо министрлиги дени сак жашоо образы үчүн президенттик чайларды сунуштап жаткан маалда, өлкө дарыканаларында дары-дармектер жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18