12:19, 15 октября 2018, 24.kg

Токтогулда жүк ташуучу унаа айдоочуну тебелеп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа айдоочуну тебелеп кетти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Жалал-Абад ОИИБдан тастыкташты.
 

Айдоочу унаадан түшүп, сынып калган тетикти оңдоо үчүн дөңгөлөктүн астына таш коюп жаткан.

«Кырсык 13-октябрдан 14үнө караган түнү болгон. Унаа жүрүп кетип, айдоочуну 30 метрге чейин сүйрөп кеткен. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканада көз жумду. Окуя кырсык катары катталды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18