11:58, 15 октября 2018, 24.kg

Официантты жана кароолчуну сабаган шектүү жарандар кармалышты

Бишкектеги кафелердин биринде официантты жана кароолчуну сабаган шектүү жарандар Ош жана Чүй облустарынан кармалышты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Кармалгандардын бири буга чейин соттолуп чыккандыгы аныкталды.

«Ош облусунда шектүүлөрдүн бири кармалды, ал эми Чүйдөн анын атасы колго түштү. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 51 жаштагы Чүйлүк жаран 2 жолу соттолгондугу аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 6-октябрда «Арген» кафесинин официантын жана кароолчусун белгисиз 3 киши сабап кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18