10:13, 15 октября 2018, 24.kg

Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча 17 миң 976 факты катталды

Өткөн жума ичинде Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча 17 миң 976 факты катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 399 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисине карабай өтүп кеткен. Мындан тышкары 180 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалса, 1972 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган. Ошондой эле, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3350 айдоочуга айып пул салынып, алдыңкы жана капталындагы терезелери караңгылатылган унаа үчүн 73 айдоочуга чара көрүлдү.

1751 айдоочу иштебей калган жарык берүүчү шаймандары менен унаа башкаргандыгы аныкталды. 3223 айдоочуга телефон колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18