18:05, 12 октября 2018, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка катышпайт

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын лидерлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка барбайт. Турнир 20-28-октябрь күндөрү Будепешт шаарында өтөт.

Венгрияга Кыргызстандын улуттук курамасынан 12 спортчу барат.

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Францияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 58 кг салмакка чейинкилер арасында күмүш медаль тагынса, быйыл Кытайдагы турнирде коло, Испанияда алтын медаль багындырган. Ошондой эле Түркиядагы турнирде жана Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш байге алган. Ал Азия оюндарынан кийин далысы ооруп жатканын белгилеген болчу.

Акжол Махмудов быйылкы жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын, Азия оюндарында күмүш, ал эми дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медаль тагынган.

Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатта 77 кг салмакка чейинкилер арасында Кайрат Түгөлбаев күч сынашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18