09:16, 12 октября 2018, 24.kg

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргыз таксистке сот өкүмү чыгарылды

Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргыз таксистке сот өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдайт.

Алардын маалыматында, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жыл 6 айга коомдук жумушка кесилди. Андан тышкары анын айлыгынын 30 пайызы кармалып, 3 жылга чейин унаа айдоого тыюу салынды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнүчүн билдирген.

Эскерте кетсек, 16-июнда такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги футбол күйөрмандарын унаасы менен сүзүп алган. Ал кырсыктын себебин уктабай тынымсыз иштегендигине байланыштырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18