10:50, 11 октября 2018, 24.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунова кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Таалайкул Исакунова берген арызынын негизинде кызматтан алынды.

Министрдин орун басары Лунара Мамытова дагы арыз жазганы белгилүү. Бирок, ал боюнча азырынча өкмөттүн жообу жок.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура министрликтин жетекчилигинин чет өлкөдөгө иш сапары боюнча текшерүү жүргүзүп, Таалайкул Исакунова премьер-министрге айтпай, АКШ жана Аргентинига баргандагын ырастады. Ошондой эле өкмөт башчысынын каршы жообуна карабай Россияда иш сапарда болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18