10:37, 11 октября 2018, 24.kg

Иракта өлүм жазасын күткөн кыргыз аялдын туугандары аны сактап калууну өтүнөт

Иракта өлүл жазасына соттолгон Асел Алимжан кызынын туугандары аны сактап калууну суранат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Укук коргоочу учурда мамлекеттик органдардын бул маселе боюнча жообун күтүүдө.

Эскерте кетсек, Иракта балдары менен бирге абакта олтурган үч кыргызстандык аял боюнча буга чейин маалымдалган. Асел Асилжан кызы, Зухра Кадырова жана Фатима Маруфжанова үчөө Ислам мамлекеттик тобунун мүчөлөрү катары кармалган. Алардын Сириядагы согушка катышкан күйөөлөрү кагылышууда өлтүрүлгөндүгү маалымдалат.

«Аларды Кыргызстанга которуп, өлүмдөн алып калсак болот», — дейт Гүлшайыр Абдирасулова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18