17:03, 09 октября 2018, 24.kg

Хабиб-Конор мушташы. Мушкерлер беттештен бир нече миллион тапты

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Маркрегордун мушташы эң бир кымбат жана UFC үчүн пайдалуу беттешүү болду.

Айрым маалыматтарга караганда, уюштуруучулар 200 миллион доллар табышты. Андан 2 миллион доллар Хабибке, 3 миллион доллар Конорго төлөнөт.

Бирок, UFC Хабиб Нурмагомедов тордон чыгып кеткендиги үчүн жаза иретинде гонорарын албастыгын жарыялады. Андан тышкары, мушкерге жакынкы 4-6 айда АКШда мушташка катышууга жана UFC башка өлкөдө анын беттешүүсүн уюштуруудан баш тартышы мүмкүн. Хабиб Нурмагомедовго 250 миң доллар айып салынышы дагы ыктымал. 

Хабиб менен Конор расмий ала турган акчадан сырткары, рекламадан дагы иштеп табышты. Конор беттеш алдында рекламадан 50 миллион доллар таба турганын маалымдаган. Ал эми Хабибтин бул жааттагы кирешеси 10 миллион долларга жетет.

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн инстаграм баракчасында, кырдаал боюнча «бүркүттөр тордо олтурбайт», «мен баарын 6-октябрда чечилет деп айтпадым беле» деп жазды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18