16:41, 08 октября 2018, 24.kg

Лунара Мамытова Аида Касымалиевадан расмий кечирим суроону талап кылат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Лунара Мамытова депутат Аида Касымалиевадан расмий кечирим суроону талап кылат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Лунара Мамытова апрель айынын соңунда АКШга окууга барганын ырастады.

«Эгер ал окуу программасы жаман болсо, анда долбоор эбак эле жабылып, биз баарыбыз жоопко тартылмакпыз. Ал программа боюнча Америкага 62 кызматкер барып келген. Эмне үчүн Аида Касымалиева мага басым жасап жатканы түшүнүксүз», — деди Лунара Мамытова.

Министрдин орун басары ал жалгыз гана мекемедеги жемкорлукка каршы күрөшүп жатканын кошумчалай өттү.

«Дипломаттык паспорт боюнча Башкы прокуратура дооматы жоктугун айтты. Аида Касымалиева менден кечирим сурасын», — дейт ал.

Пусть Аида Касымалиева приносит мне официальные извинения.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18