17:11, 05 октября 2018, 24.kg

Темир Жумакадыровго ыйгарылган ЖККУнун ардак белгиси анын жакындарына берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы октябрь айында курман болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Темир Жумакадыровдун туугандарына чын ниеттен көңүл айтты. Ал маркум жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өлкөнүн премьер-министри кезинде ал менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун өзгөчө белгиледи жана азыркы кезде өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Темир Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи. Темир Жумакадыровдун ата-энесине жана жубайына кайрылып, мамлекет башчысы фонддун бардык демилгелерин колдоорун жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экендигин белгиледи.

Жагдайдан пайдаланып президент Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18