17:04, 05 октября 2018, 24.kg

Екатеринбург шаарында белгисиз бирөөлөр кыргызстандык жаранды тоноп кетишти

Орусиянын Екатеринбург шаарында белгисиз бирөөлөр кыргызстандык жаранды тоноп кетишти. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу бир нече миллион рублин алдырып жиберди. Окуя банктын жанында болгон.

«Кыргызстандык банкка кирип бара жатканда беткапчан 3 киши травматикалык тапанча менен бир нече жолу атышкан. Андан кийин анын бир нече миллион рубль акчасын алып, жеңил унаа менен из жашырып кетишкен», -деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучу ооруканага кайрылган эмес. Анын расмий түрдө эч жерде иштебегендиги такталды.


Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18