14:20, 05 октября 2018, 24.kg

Бишкекте «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук акциясы өтүп жатат

Бишкектин борборунда жыл сайын өткөрүлүп туруучу «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук акциясы өтүп жатат. Иш-чара 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулууда.

«Ардагер» шаардык геронтология борборунун кызматкерлери колго жасалган кийимдер, буюм-тайымдар жана азык-түлүк жарманкесине катышып жатышат. Аталган борбордун психологу Каным Усупбекованын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, көп жылдан бери аталган иш-чарага активдүү катышып келет.

«Мындагы буюмдардын баарын «Ардагер» шаардык геронтология борборуна эс алган кишилер өздөрү жасашкан. Анда ар кайсы ийримдерге катышкан карыларыбыз бар. Алар кол эмгектерин сатыкка коюп, кем-карчын толуктап алышат. Жыл сайын биздин борбордо шаардык 80 тургун эс алат», -деди Каным Усупбекова. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18