11:25, 05 октября 2018, 24.kg

«К.Т.» ЖЧКсы мамлекеттик бюджетке 77 миллион сом зыян келтирген

Кыргызстанга кымбат баалуу компьютердик программалык камсыздоосу бар жабдуу алынып келип, бирок ага кошумча нарк салыгы төлөнгөн эмес. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 77 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы баасы 9 миллион сом турган аппарат «К.Т.» ЖЧКсы тарабынан Прибалтика өлкөлөрүнөн желимден заттарды жасоо үчүн (идиш, чака, илеген) алынып келинген. Бирок, аталган компаниянын жетекчилиги аны колдонбой, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүнү көздөшкөн.

259-беренеге ылайык, үчүнчү өлкөдөн алынып келинген жабдуу кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат. Аталган компаниянын кызматкерлери алынып келинген жабдууну өндүрүш үчүн колдонбой, Орусияга сатууну пландашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18