Президент: Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн мугалимдерин, билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы —билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде. Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты», -деп жазылат куттуктоодо.