10:18, 05 октября 2018, 24.kg

«Түндүк» системасын киргизүү менен жылына бюджеттен 300 миллион доллар үнөмдөлөт

Кыргызстандыктар справка алуу үчүн ведомстволорго барбашы керек. Бул тууралуу маалымат жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Анын билдиргенине караганда, мамлекеттик башкаруу системасы коомчулук менен бирге аракеттениши керек.

«Чет өлкөлүк өнөктөштөр Кыргызстанда алдыңкы адистер бар деп айтышат. Биз «Ачык өкмөт» демилгесине кошулган алгачкы өлкөбүз. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр маалыматтык кызматтын сапаты жана саны, ошондой эле алардын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды. «Түндүк» электрондук системасы бул талаптарга жооп берет. Жарандар справка алам деп бир мекемеден экинчи мекемеге жүгүрбөшү керек», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Кыргызстанда «Түндүк» 2016-жылдан бери иштейт. Ага 25 министрликти жана ведомстволордун бөлүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18