18:00, 04 октября 2018, 24.kg

7-октябрдан тартып өлкө аймагында абанын температурасы кескин сууктайт

7-октябрдан тартып өлкө аймагында аба-ырайы бузулуп, жамгыр жаап, абанын температурасы кескин сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 7-октябрдан баштап аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18