Ново-Покровка айыл өкмөт башчысына карата кылмыш иши козголду
«Айыл өкмөт башчысы кызмат абалынан пайдаланып, жер маселелери боюнча башкы адиске жана жооптуу катчыга Сары-Жон айылынын тургунунун жер берүү тууралуу арызын карап бергиле деп тапшырган. Комиссиянын чечими менен айыл өкмөт башчысы жеке менчик жерден 5 соток жер аянтын бөлүп берген», — деп билдирди басма сөз кызматынан.