15:16, 04 октября 2018, 24.kg

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбекстан Башкы прокуратурасы мурдагы өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын камактан бошотулуп, Дубайга учуп кеткени тууралуу маалыматты четке какты. Прокуратура өкүлү «Азаттыктын» өзбек кызматына Каримова «Өзбекстан мыйзамдарынын чегинде жазасын өтөп жатканын» маалымдады.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын иликтөөсү мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери жөнөткөн маалыматтарга негизделген. Редакцияга келген сүрөттөрдөн Каримованын тек жайы жана анын сүрөттөрү түшүрүлгөн мейманкананын компьютер экранын көрүүгө болот.

Каримованын Дубайга келгенин аэропортто аны тосуп алып, мейманканага жайгаштырган бир нече киши тастыктаган. Кийинчерээк мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы чынында эле келгенин ачыктаган.

Журналисттер Гүлнара Каримова жайгашты делген бөлмөдөгү номерге чалышкан. «Гүлнара, бул сизсизби?» деген суроого аял киши: «Ооба, бул ким?» деп жооп берген. Бирок кабарчылар чалып жатканын билген соң, трубканы коюп койгон.

Ал ортодо VIP-кардарларга кызмат көрсөткөн бөлүмдүн жетекчиси мейманканадагы беш люкс номерди чындап эле Гүлнара Каримова брондогонун тастыктап, бирок ал конок Гүлнара Каримова экени тууралуу маалыматты четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18