14:02, 04 октября 2018, 24.kg

Депутат премьер-министрге жогорку кызматтарга депутаттарды дайындоону сунуштады

Депутат Тынчтык Шайназаров премьер-министрге жогорку кызматтарга депутаттарды чакырууну сунуштады. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, акыркы убакта министрлер кабинетине кадр саясаты боюнча сын-пикирлер айтылып келет. Депутат ваканттык орундарга депутаттарды чакырып маселени чечсе болот деп ойлоп жатат.

«Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. Алты фракциянын депутаттарынын ичинде күчтүү кадрлар бар. Эмне үчүн аларды жогорку кызматка тартпайсыздар? Мисалы, министрликтерге же шаар жетекчилигине? Арабызда өз күчү менен завод, фабрика куруп, иш орундарын түзүп берген күчтүү экономисттер бар. Арабызда жемкорлук эмне экенин билбеген депутаттар бар», — деди Тынчтык Шайназаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18