Президент:Аткаминерлер мамлекеттик кызматкер деген жогорку наамга татыктуу болсо
Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттарды, өкмөт мүчөлөрүн жана аткаминерлерди мамлекеттик кызматкер деген жогорку наамга татыктуу болууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант бергенден кийин айтты.
«Акыркы убакта коомдо жогорку даражалуу кызмат адамдарына карата көп сындар айтылууда. Биз өзүбүздү татыктуу алып жүргөндө гана коомдо оң мамиле түзүлөт. Бүгүн ант бергендер, антты сактагыла», -деди президент.