08:44, 04 октября 2018, 24.kg

Гүлнара Каримова Дубайга учуп кеткени айтылууда

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы Каримова жайгашкан мейманкана өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.

Буга чейин, 1-октябрда анын кызы Иман Каримовага таандык делген Инстаграм-акаунтта Гүлнара Каримова Ташкенттеги үйүндө экени тууралуу билдирүү чыккан.

Журналисттер Гүлнара Каримова жайгашты делген бөлмөдөгү номерге чалышкан. «Гүлнара, бул сизсизби?» деген суроого аял киши: «Ооба, бул ким?» деп жооп берген. Бирок кабарчылар чалып жатканын билген соң, трубканы коюп койгон.

Ал ортодо VIP-кардарларга кызмат көрсөткөн бөлүмдүн жетекчиси мейманканадагы беш люкс номерди чындап эле Гүлнара Каримова брондогонун тастыктады. Бирок ал конок Гүлнара Каримова экени тууралуу маалыматты четке какты.

«Силерди ишендирип коёюн, биздин VIP-коногубуз Өзбекстан жараны эмес. Ал башка өлкөнүн жараны. Анын үстүнө ал президент Каримовдун тун кызынан алда канча жаш», — деди ал.

​Кечээ, Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова эркиндикке чыккандыгы тууралуу кабарды четке каккан. Расмий маалыматтар боюнча Каримова ири өлчөмдө пара алганы үчүн беш жылга соттолгон.

Буга чейин Каримова салык төлөөдөн качуу, бөлөк бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу боюнча да айыпталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18