08:33, 04 октября 2018, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло баштады

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында Өзбекстан менен чектеш, такталбаган аймакта жайгашкан Гава участогундагы автоунаа жолунун 300 метр аралыгы оңдоло баштады. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун билдирүүсүндө, 1-октябрда Өзбекстандын Наманган облусунун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар менен бирге жолугушуу уюштурулуп, эки элди ынтымакка чакырган түлөө өткөрүлдү.

«Буга чейин 4 миң адам жашаган Көк-Таш айылынын тургундары пайдаланган жолду оңдоого өзбек тарап каршылык көрсөтүп, бир топ жаңжалдар болуп келген. Кыргыз-өзбек жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, унаа жолун кыргыз тарап, анын жанына агып өткөн каналды өзбек тарап оңдой тургандыгы макулдашылды», — дейт Акматов.

Ала-Букадагы Көк-Таш унаа жолунун кээ бир бөлүгү Өзбекстандын Чуст району менен чектеш Гава участкасы аркылуу өтүп, айрым учурларда тургундар аны айланып өтүүгө мажбур болушчу. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18