14:09, 03 октября 2018, 24.kg

Райым Матраимов Келдибековдун уулуна 200 миң доллардык ууна тартуулаган эмес

«Райым миллион» деген лакап аттуу бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райым Матраимов парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Акматбек Келдибековдун уулуна 200 миң доллардык ууна тартуулаган эмес. Бул тууралуу саясатчы өзү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Акматбек Келдибеков Райым Матраимов анын уулуна өкүл ата болгондугун ырастайт.

«Өкүл ата кылып Райым Матраимовду суранып койдум. Райым Матраимовдор анын раматылык апасы, бир туугандары менен мамиле түзгөнүмө 20-30 жыл болду десем жаңылышпайм. Алардын же менин жакшылыктарымда катышып жүрөбүз. Кыйын адамдардын артынан сөз ээрчийт. Райым Матраимов кыйын жигиттердин бири. Райым иним келинчеги менен келип өкүл атанын салтын кылып келиниме ак жоолугун салып, гүлүн берип жакшы каалоо тилегин айтты», — дейт ал.

Акматбек Келдибеков уулунун тоюн өткөн аптада Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөрдү. Парламенттин мурдакы спикеринин азыр ким менен кудалашканы белгисиз. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18